Салымбеков Университетинин президенти Мароккодогу SPHERE эл аралык семинарына катышты
2025-жылдын 2–3-июну, Рабат, Мухаммед V университети
Салымбеков Университетинин президенти Амангелди Жумадилов «Дипломдор vs Микро-квалификациялар: көндүмдөр жана жумушка орношуу» темасындагы эл аралык SPHERE семинарына катышты..
Бул семинар Европа Биримдиги тарабынан каржыланган SPHERE демилгеси алкагында өткөрүлүп, Европа, Борбордук Азия жана Балкан өлкөлөрүнөн 70тен ашуун жогорку билим берүү эксперти чогулуп, келечектеги билим берүү системаларын талкуулашты.
Кыргызстандан семинарга катышкан эксперттер:
- Амангелди Жумадылов, Салымбеков Университетинин президенти
-
Светлана Сирмбард, “Адам” университетинин ректору
Талкууланган негизги суроолор:
-
Микро-квалификациялар салттуу дипломдорду алмаштыра алабы?
-
Университеттер эмгек рыногу үчүн кадрларды кайра даярдоодо кандай ролду ойношот?
-
Мамлекеттик жана жеке сектордун билим берүүдө кызматташуусу кандай болушу керек?
Максат: билим берүү тармагындагы тажрыйба алмашуу, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана студенттерди заманбап көндүмдөргө жана компетенцияларга даярдоо үчүн ийкемдүү, туруктуу билим берүү системаларын өнүктүрүү.