Салымбеков Университетинин президенти — «Кыялымдагы Кыргызстан: Ысык-Көл» жаштар форумунун спикери
20-октябрда Каракол шаарында жаштар саясаты жаатындагы эң ири аймактык иш-чаралардын бири — «Кыялымдагы Кыргызстан: Ысык-Көл» форуму болуп өттү. Иш-чараны «Кыргызстандын жаштар кыймылы» коомдук бирикмеси менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги биргеликте уюштурган.
Каракол шаарынын борбордук стадионунда өткөн форумга Ысык-Көл облусунун бардык аймактарынан келген 3500дөн ашуун жаштар — студенттер, ыктыярчылар, ишкерлер, жаштар уюмдарынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Форумдун спикерлеринин катарында Салымбеков Университетинин президенти Амангелди Жумадилович чыгып сүйлөп, жаштар менен тажрыйбасы менен бөлүшүп, билим берүүнүн жаңы муун лидерлерин калыптандыруудагы маанисин белгиледи.
Кадырлуу коноктордун арасында төмөнкүлөр болду:
ошондой эле мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү форумдун иш-чараларына активдүү катышышты.