Салымбеков Университети жана Chung-Ang University: кызматташтыкты кеңейтүү!
Корея Республикасына болгон иш сапардын алкагында Салымбеков Университетинин жетекчилиги Chung-Ang Universityге барып, университеттин медициналык иштер боюнча вице-президенти жана Медициналык борборунун директору доктор Ли Чул Хи менен жолугушту.
Жолугушууда эки тарап эки дипломдук программаларды, академиялык алмашууну жана биргелешкен билим берүү демилгелерин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Салымбеков Университетинин өкүлдөрү өздөрүнүн медицина факультетинин студенттери Chung-Ang University Hospitalда ийгиликтүү стажировка өтүп, баалуу практикалык көндүмдөрдү алышканын жана Түштүк Кореянын медициналык билим берүү жана клиникалык окутуунун өнүккөн тутуму менен таанышышканын белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, академиялык мобилдүүлүк жана эки өлкө ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.