Бүгүн университетибизге №46 орто мектептин окуучуларын кабыл алдык
⠀
Мугалимдерибиз аларга экскурсия жасап, окуу класстарды, китепкананы, коворкингди жана медиа студияны көрсөтүштү. Мындан тышкары, алар биздин окуу программаларыбыз жана студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.
⠀
⠀
Эл аралык IT жана бизнес колледжинин директору Нурзат Жунушалиева кесип тандоо тууралуу айтып, мектеп окуучуларына пайдалуу кеңештери менен бөлүштү. Мектеп окуучулары биздин университетте окууган студенттердин окуу тажрыйбасы менен таанышып, алар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты.
⠀
Ошондой эле, Салымбеков Университет №47 орто мектеп менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.