Салымбеков Университети менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты кадр даярдоо боюнча кызматташтык меморандумуна кол коюшту.

Бул мүмкүнчүлүк Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров менен Салымбеков Университетинин ректору Эсенгелди Жумадиловичтин билим берүү жаатындагы кызматташуу меморандумуна кол коюусу менен ишке ашууда.

Нарын шаарынын 5 абитуриенти — медицина жаатында, дагы 5 абитуриент — IT тармагында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат!

Кызматташуунун негизги максаты — аймактын муктаждыгына жараша жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана заманбап билим берүү программаларын ишке ашыруу.

Бул демилге — региондордогу жаштарга кесиптик өсүш үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн маанилүү кадам.