Корея Республикасынын Сеул шаарындагы Asan Medical Center борборунун алдыңкы адистери DOC University Hospital клиникасынын базасында Салымбеков Университетинин дарыгерлери, ординаторлору, мугалимдери жана студенттери үчүн илимий лекциялар циклун өткөрүштү. Бул визит эл аралык академиялык кызматташтыктын мыкты үлгүсү болуп, өнүккөн билимдерди жана клиникалык тажрыйбаларды алмашууга өбөлгө түздү.
Лекция программасынын негизги темалары:
«Кыргызстан сыяктуу ашказан рагы көп жайылган аймактарда эндоскопиянын ролу»
Лектор: Dr. JUNG Hoonyoung
Доктор Чонг ашказан ракын эрте аныктоонун жана алдын алуунун заманбап ыкмаларын бөлүшүп, улуттук саламаттык сактоо системаларында эндоскопиялык скринингдин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Интенсивдүү терапияны өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары»
Лектор: Dr. HONG Sang-Bum
Доктор Хонг критикалык абалдарды башкаруунун алдыңкы ыкмаларын жана ири медициналык мекемелерде эффективдүү интенсивдүү терапия системасын уюштурууну баяндады
«Интервенциялык процедураларга киришүү жана Корея интервенциялык радиология коомчулугунун ишмердүүлүгү»
Лектор: Dr. SHIN Ji Hoon
Доктор Шин диагноз жана дарылоодо минималдуу инвазивдик технологиялардын каралышын жана Корея интервенциялык радиология коомчулугунун бул тармакты өнүктүрүүдөгү салымын айтып берди.