Салымбеков Университети Кореянын алдыңкы университеттери менен меморандумга кол койду
Салымбеков Университети билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү улантууда. Академиялык байланыштарды чыңдоо максатында Кореянын алдыңкы университеттери менен меморандумдарга кол коюлду:
Pusan National University (Машина куруу кафедрасы)
Kumoh National Institute
Hoseo University
Kyunggi University
Ошондой эле PHE Advisor өкүлү менен кызматташуу боюнча келишимге жетишилди.
Бул өнөктөштүк студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, академиялык алмашууларды, биргелешкен изилдөөлөрдү жана билим берүү долбоорлорун камтыйт. Салымбеков Университети сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүүгө жана эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланууга умтулат!