Салымбеков Университети Корея Республикасына болгон сапар учурунда көрсөткөн жылуу кабыл алуу жана мазмундуу жолугушуу үчүн Asia Charity Center (ACC) уюмуна жана жеке Ким Чон Гу мырзага терең ыраазычылыгын билдирет. Asia Charity Center (ACC) — бул Азиянын ар кайсы өлкөлөрүндө саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык өнүгүүнү колдоого багытталган ири гуманитардык миссияларды ишке ашырып келе жаткан эл аралык кайрымдуулук уюму. ACC уюму Кыргыз Республикасындагы активдүү ишмердиги үчүн өзгөчө алкышка татыктуу. Биз Ким Чон Гу мырзанын жана бүтүндөй ACC командасынын гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Корея менен Кыргызстандын достугун чыңдоого кошкон салымын жогору баалайбыз. Элдин саламаттыгы жана жыргалчылыгы үчүн мындан аркы өнөктөштүккө үмүттөнөбүз.

568820094_18380798920197515_2694986834491520097_n
566350496_18380798935197515_122122946838911274_n
565714774_18380798971197515_2303930700542846469_n
568820094_18380798920197515_2694986834491520097_n 566350496_18380798935197515_122122946838911274_n 565714774_18380798971197515_2303930700542846469_n