Салымбеков Университетинин Эл аралык IT жана бизнес колледжинде интернет алдамчылык боюнча жолугушуу өттү
Бүгүн Бишкек шаарынын ИИББнин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын IT-технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүү жана маалыматтык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.
Иш-чарада кызматкерлер интернет алдамчылыктын эң көп тараган түрлөрү, киберкоркунучтар жана IT тармагындагы кылмыштар тууралуу түшүндүрмө берип, видеоматериалдар менен реалдуу мисалдарды көрсөтүштү.
Өзгөчө көңүл маалымат коопсуздугуна, жеке маалыматтарды коргоого, фейк маалымат таратуу жоопкерчилигине жана онлайн мейкиндиктеги укуктук сабаттуулукка бурулду.