Семинар: Университеттердин үчүнчү миссиясын илгерилетүүдө коммуникациянын орду
3-апрелде Бишкекте «Кыргыз Республикасында университеттердин үчүнчү миссиясын илгерилетүүдө коммуникация» аттуу семинар өттү. Бул иш-чаранын негизги уюштуруучусу Кыргыз Республикасындагы Эразмус+ Улуттук кеңсеси болуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан колдоого алынды. Семинарга жогорку окуу жайларынын жетекчилери, PR жана SMM адистери катышып, билим берүү мекемелери коомчулук, бизнес жана мамлекеттик түзүмдөр менен натыйжалуу кызматташуунун жолдорун талкуулашты.
Семинарда талкууланган негизги маселелер:
Университеттердин ийгиликтүү PR кейстери
Аудиториянын ишенимин жаратуу стратегиялары
Социалдык тармактар жана инфлюенсерлер менен иштөө мүмкүнчүлүктөрү
Аналитика жана PR стратегиялары боюнча практикалык тажрыйба алмашуу
Спикерлерибизге терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздер берген баалуу билимдер, практикалык сунуштар жана дем берүүчү мисалдар үчүн чоң рахмат!
Семинардан сүрөттөр менен бөлүшөбүз! Эразмус+ Улуттук кеңсесине, Билим берүү жана илим министрлигине, бардык катышуучуларга жана спикерлерге кызыктуу талкуулар жана тажрыйба алмашуу үчүн ыраазычылык билдиребиз!