Япониядан келген делегациянын Салымбеков Университетинде иш сапары!
Бүгүн биздин университетибиз Япониядан келген алдынкы адистердин делегациясын зор кубануу менен кабыл алды.
Мицухиро Маэда: Профессор, AIIT (Токио Технологиялык Институту)
Масаму Камага: Президент, Азия иновация институту
Масару Накагава: Уюштуруу иштери боюнча изилдөөчү, ERISE (Социалдык-экономикалык инновациялар боюнча изилдөө институту)
Такако Шираи: Лектор, Маалымат жана инновациялар башкаруу университети
Ю Акияма: Уюштуруу иштери боюнча изилдөөчү, Мусасино университети
Сейджи Судзуки: Президент, Азиянын азык-түлүк коопсуздугу боюнча ассоциациясы
Биздин коноктор өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, Кыргызстан менен Япониянын илим, технология жана билим берүү тармагында кызматташуу келечеги тууралуу сүйлөшүштү. Бул келечекте студенттерге жана бардык илимий коомчулукка пайдалуу боло турган жаңы жемиштүү шериктештиктердин башталышы болот деп ишенебиз.