Билим берүү жана илим министри Пакистандын билим берүү федералдык министри менен расмий жолугушуу өткөрдү
Салымбеков Университетинин ректору Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна менен Пакистандын билим берүү федералдык министри, Жогорку билим берүү кеңеши, ошондой эле Медициналык жана стоматологиялык кеңеш (PMDC) менен өткөн расмий жолугушууга катышты. Жолугушуу билим берүү, илим жана изилдөө чөйрөлөрүндө кызматташтыкты чыңдоо жолдорун талкуулоо максатында уюштурулган.
Иш-чарага Кыргызстандын Пакистандагы ыйгарым укуктуу элчиси Атаханов Авазбек Койлубаевич, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин долбоорлор башкармалыгынын башчысы Исраилова Айнура Толобаевна, ошондой эле мамлекеттик жана жеке университеттердин ректорлору катышты.
Билим берүү жана илим министри өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы жетишкендиктери, айрыкча, президенттин жетекчилиги астында активдүү ишке ашырылып жаткан билим берүү реформалары тууралуу бөлүштү. Талкуулоолордун жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистандын билим берүү тармагындагы байланыштарын чыңдоо перспективалары, ошондой эле эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы билим жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Бул иш-чара билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам болуп, эки өлкөнүн адистерди даярдоо жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу боюнча жаңы бийиктиктерге жетүүсүнө шарт түзөт.