SU Solutions — стартап жана бизнес-платформа катары иш алып барган IT лаборатория

Салымбеков Университетинин Эл аралык IT жана Бизнес колледжинин алдында түзүлгөн SU Solutions бүгүнкү күндө студенттер үчүн IT лаборатория, ошондой эле стартап жана бизнес-платформа катары ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүүдө.

SU Solutions’тун негизги максаты — колледж студенттерине алган билимдерин реалдуу IT долбоорлордо практика жүзүндө колдонууга, продуктыларды иштеп чыгууга жана рынокко багытталган чечимдер менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүү. Лаборатория студенттерди ишкердик чөйрөгө аралаштырып, стартаптык ой жүгүртүүнү жана командалык ишти өнүктүрүүгө басым жасайт.

Учурда SU Solutions командасында 10 колледж студенти иштеп, алар 8 жергиликтүү долбоордун үстүндө иш алып барышууда. Алардын ичинен 4 долбоор ийгиликтүү жүзөгө ашырылып, калган долбоорлор ишке ашыруу баскычында турат.

SU Solutions IT лабораториясы студенттерге кесиптик көндүмдөрүн чыңдоого, чыныгы долбоорлордун негизинде портфолио түзүүгө жана Кыргызстандын ички рыногунун талаптарына жооп берген заманбап IT чечимдерин иштеп чыгууга жана ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Келечекте SU Solutions стартап жана бизнес-платформа катары эл аралык долбоорлорду жана өнөктөштөрдү тартууну пландап, студенттерге дүйнөлүк деңгээлдеги тапшырмалар менен иштөөгө шарт түзүүнү көздөйт. Ошол эле учурда лаборатория жергиликтүү IT рынокту колдоо багытындагы стратегиясын ырааттуу улантат.

IMG_7685
IMG_7672
IMG_7658
IMG_7646
IMG_7641
IMG_7635
IMG_7612
IMG_7627
IMG_7603
IMG_7588
IMG_7685 IMG_7672 IMG_7658 IMG_7646 IMG_7641 IMG_7635 IMG_7612 IMG_7627 IMG_7603 IMG_7588