М.и.д., профессор Узакбаев Камчибек Аскарбекович Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өткөн Эл аралык Евразия форумуна катышты. Иш-чара Кытай Өкмөтүнүн «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында уюштурулду.
Форумдун жүрүшүндө салттуу кытай медицинасына (ТКМ) арналган конференция болуп өттү.
Профессор Узакбаев ТКМ’дин Кыргызстандагы өнүгүшү жана Борбор Азия өлкөлөрүнө жайылышы тууралуу баяндама жасады.
Ошондой эле делегация фармацевтикалык ишканаларды жана ТКМ боюнча мамлекеттик жана жеке клиникаларды көрүп чыкты. Ал жакта мээ ооруларын дарылоодо салттуу кытай медицинасынын натыйжалуулугу көрсөтүлдү.