Салымбеков Университетинин Эл аралык IT жана бизнес колледжинде маанилүү окуя болуп өттү – "Компьютердик илимдер" адистиги боюнча 4-курс студенттеринин финалдык долбоорлорунун коргоосу! Студенттер өздөрүнүн долбоорлорун урматтуу эксперттер тобунун, анын ичинде Lincoln University College университетинин Компьютердик илимдер факультетинин деканы доктор Мидхундун жана факультеттин окутуучуларынын катышуусунда тартуулашты. Ар бир долбоор жогорку деңгээлдеги билимдерди жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү көрсөтүп, студенттердин инновацияларга жана чыныгы проблемаларды чечүүгө болгон кызыгуусун көрсөттү. Мындан тышкары, долбоорлор Кыргызстандагы чыныгы компаниялардын заказдары боюнча иштелип чыккандыгын белгилеп өтсөк болот: Кино прокат компаниясы үчүн менеджмент эсептөө системасы Автокомпания үчүн ички бухгалтерия программасы Строительство компаниясы үчүн веб-портал жана башка чыныгы бизнес тапшырмаларына арналган чечимдер! Lincoln University College университетинин командасына алардын колдоосу, кесипкөй мамилеси жана студенттерибиздин жаңы бийиктиктерге жетишүүсүнө жардам берүүчү билим берүү программаларын өнүктүрүүдөгү салымы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Биз кубаныч менен билдиребиз, декабрь 2025-жылы бүтүрүү аземи Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда өтөт! Бул иш-чара студенттердин компьютердик технологияларды өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилөөчү маанилүү окуя болот. Биз бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз жана аларга келечекте ийгиликтерди каалайбыз!