2024-жылкы Санарип форуму: келечек үчүн негизги идеялар
14-15-ноябрь күндөрү Бишкекте 2024-жылкы Санарип форуму өттү. Аны Борбордук Азия университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана DCASA-KR долбоору уюштурду. Иш-чарага мамлекеттик башкаруу, бизнес жана илим тармагындагы адистер чогулуп, аймакты санариптештирүүнү талкуулашты.
Негизги темалар: жасалма интеллект, чоң маалыматтар, акылдуу шаарлар, киберкоопсуздук жана санариптик инфраструктура. Форумдун алкагында инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн Санарип саясат лабораториясы ачылды.
Салымбеков университетинен спикер катары чыгышты:
• Эмиль Билгазиев, Америкалык технологиялар институтунун вице-президенти, “Бизнес тармагындагы жасалма интеллект” темасы менен,
• Алия Бейшеева, IT жана бизнес эл аралык колледжинин окутуучусу, “EduTech революциясы: өз алдынча үйрөнүүнүн ийгилиги” темасы менен.
Форум Борбордук Азиянын санарип келечегин түзүү үчүн тажрыйба алмашуунун жана стратегияларды иштеп чыгуунун маанилүү платформасына айланды.