23–24-сентябрда Бишкекте II Кыргызско-Россиялык билим берүү форуму өтүп жатат, анда эки өлкөнүн мамлекеттик жана илимий өкүлдөрү чогулушту.
Форумга катышуучулар: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басары Эдиль Жолдубаевич Байсалов, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Элчиси Сергей Иванович Вакунов, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим жана инновациялар министри Бактияр Сайпидинович Орозов жана башка расмий өкүлдөр.
Форумдун алкагында Салымбеков Университети Санкт-Петербург Петра Улуу Политехникалык Университети (СПбПУ) менен бакалавриат программалары боюнча үч эл аралык келишимге кол койду:
Эл аралык логистика
Эл аралык бизнес
Санариптик ишкерчилик
СПбПУ — Россиянын алдыңкы техникалык университети, Times Higher Education 2025 рейтингинде өлкөнүн топ-5 университеттеринин бири, улуттук изилдөө университети болуп саналат. Университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында үч Нобель сыйлыгынын лауреаты бар.
Документтерге СПбПУ ректору, РАН академиги Андрей Иванович Рудской, жана Салымбеков Университетинин президенти Амангелди Жумадилович Жумадилов кол коюшту.