Салымбеков Университети Lincoln University Malaysia делегациясын, анын ичинде президент Dr. Амиа Бхаумикти жылуу кабыл алды. Делегациянын курамына стоматология факультетинин деканы Dr. Рашид Абдулсалам Абдулла жана компьютердик илимдер жана мультимедиа факультетинин деканы Dr. Мидхунчаккараварти кирди.
Визиттин жүрүшүндө коноктор биздин университеттин ишмердүүлүгү менен таанышып, келечектеги кызматташуу боюнча пикир алышышты. Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе, биз 2 жылдан бери Lincoln University менен IT тармагында кош дипломдук программа боюнча активдүү иштеп жатабыз жана биргелешкен билим берүү долбоорлорун өнүктүрүүнү пландап жатабыз.
Эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн Dr. Амиа Бхаумикке университетибиздин Ардактуу профессору наамы ыйгарылды.
Бул визит эл аралык билим берүү кызматташтыгын бекемдөөгө дагы бир маанилүү кадам болду!