Салымбеков Университетинин Эл аралык IT жана бизнес колледжи жаңы квалификациялуу окутуучу менен толукту!
Сиздерге кубанычтуу кабарды билдиребиз, биздин окутуучулар курамына жасалма интеллект боюнча адис Алия Бейшеналиева кошулду. Алия Кореянын абройлуу Инха университетинде "Жасалма интеллект" багыты боюнча магистратураны аяктап, учурда ошол эле университеттин докторантурасында билим алууну улантууда. Билим алуу Салымбеков Университети менен Инха университети ортосундагы келишимдин алкагында уюштурулган. Биз анын тажрыйбасы жана билимдери IT колледжинин студенттеринин билим алуусуна жана өнүгүшүнө чоң жардам берет деп ишенебиз.
Салымбеков Университетинин атынан Инха Университетинин жетекчилигине жана жамаатына баалуулукту кызматташтыгыңыздар жана колдооңуздар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.