Бишкекте Борбордук Азиянын ЖОЖ ректорлорунун Үчүнчү форуму өттү
2024-жылдын 20-ноябрында Бишкекте Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына арналган Борбордук Азиянын ЖОЖ ректорлорунун Үчүнчү форуму болуп өттү. Форум Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркуль Шаршееванын катышуусунда өттү. Министр форумдун региондогу ЖОЖдордун интеграциясындагы жана экономика менен коомду өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгиледи.
Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулду.
Форумдун жүрүшүндө университет ректорлору жогорку билим берүүнүн келечеги тууралуу ой-пикирлерин жана идеяларын бөлүштү. Көптөгөн докладдар жана презентациялар жасалды. Салымбеков Университети дагы иш-чарага активдүү катышты. Атап айтканда, Салымбеков Университетинин президенти Амангелди Жумадилов жана Америкалык Технология Институтунун вице-президенти Эмиль Билгазиев глобалдык чакырыктар шартында жогорку билим берүүнү трансформациялоо боюнча докладдар жасап, инновацияларды киргизүү жана эл аралык кызматташууну бекемдөө зарылдыгын баса белгилешти.
Форумдун алкагында илим, билим жана бизнестин интеграциясы, жогорку билим берүүнү санариптештирүү жана изилдөөчү университеттерди өнүктүрүү темалары талкууланды. Форумдун жыйынтыгында Борбордук Азиянын Жогорку Билим берүү Мейкиндигин чыңдоого жана региондун университеттеринин эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган Декларация кабыл алынды.