14-ноябрда Салымбеков Университетинин Жогорку медицина мектебинин студенттери Momna Javed жана Fahad Ali Nawaz «Диабет менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө» арналган университеттер аралык илимий конференцияга катышты.
С. Тентишев атындагы Азия Медициналык Институтунун чакыруусу менен биздин студенттер «Диабетти дарылоо жана алдын алуу боюнча молекулярдык механизмдер» темасында баяндамаларын сунушташты. Алардын активдүү катышуусу жана кызыктуу изилдөөлөрү сертификаттар менен белгиленди.
Студенттерибиздин жетишкендиктери жана диабет менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн сыймыктанабыз!