2025-жылдын 15–18-июну аралыгында Салымбеков Университетинин DOC University Hospital клиникасынын базасында дүйнөдөгү алдыңкы медициналык борборлордун бири болгон Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы Asan Medical Center менен биргеликте эл аралык медициналык миссия өттү
Гуманитардык демилгенин алкагында Кыргызстандын жарандарына акысыз медициналык жардам көрсөтүлдү. Түштүк кореялык дарыгерлердин командасы:
937 акысыз консультация жана диагностика
49 операция, анын ичинде 40 катаракта, 5 птеригиум, 4 ышкынга байланыштуу
көрсөтмөгө жараша дары-дармектерди бекер берүү
Кабыл алууну педиатрия, кардиология, офтальмология, гастроэнтерология, үй-бүлөлүк медицина жана башка тармактар боюнча адистер жүргүзүштү. Өзгөчө көңүл социалдык жактан аяр катмарларга бурулду.
Бул миссия Салымбеков Университетинин саламаттык сактоо жана эл аралык гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы болду.