12-18-февраль аралыгында Жалал-Абад жергесинин Аксы районунда жайгашкан бир канча мектептеринде агартуу тренингтери болуп өттү.
⠀
Салымбеков Университеттин колдоосу менен өтүп жаткан “Агартуу лигасы” билим берүү долбоорунун алкагында окуучулар убакытты пландоо, максат коюу, чечендик өнөр, критикалык ой-жүгүртүү ыкмаларын үйрөнүү менен бирге ой-өрүшүн кеңейтишти.
⠀
Агартуу лигасынын жумалык тренингдерине 2500ден ашуун окуучулар катышып, акыл куржунун заманбап билимдер менен толтура алышты.Жыйынтыгында тастыктоочу сертификаттар тапшырылды.