Бүгүн, Салымбеков Университетте жаштар белгилүү манасчы, “Манас” улуттук академиясынын президенти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илиминин доктору Талантаалы Бакчиев менен жандуу жолугушту.
⠀
Жолугушууда Талантаалы Бакчиев “Манас” ааламында бир топ табият сырлары, тил байлыгы, адабият, маданият, билим тууралуу кызыктуу маек куруп берди. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө манас эпосунан үзүнду айтып, жаштардын бир топ кызыккан суроолоруна жооп берди.
⠀
Белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиевке университеттин атынан ыраазычылык билдиребиз!